• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөндөгү шахта кырсыгынан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл аймагындагы шахтада кырсык катталып, бир адам каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 10-мартта болжол менен саат 13:30да Беш-Терек жайлоосунда жайгашкан "Сай-Аска" ЖЧК кен казуучу ишканасында болгон.

Алдын ала маалыматка таянсак, шахтанын ичинде темирден жасалган тирегичтер топурак, таш менен кошо кулап түшүп, эки адамды басып калган. Натыйжада М.Е., аттуу адам кырсык болгон жерден каза болгон, ал эми Б.И., аттуу киши Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген. Экөө тең Украинанын жараны болушкан.

"Аталган шахтада жалпысынан 21 украиналык жаран иштеп жатат. Алар чалгындоо иштерине адис катары чакырылган", - деп кошумчалашты милициядан.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу тарабынын кароо жүргүзүлүп, схема түзүлүп, тийиштүү материалдар топтолгон. Ал эми украиналык жарандын сөөгү Ош шаарынын моргуна жеткирилип, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Аталган “Сай-Аска” ЖЧКсы 2019-жылдын 29-сентябрь күнү Юстиция министрлигинин Ош облусу жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөн жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан лицензия алган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий