• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрдин башчылыгында Өзгөндөгү жер көчкүнүн алдында калгандарды издөө иштери жүрүп жатат

Кырсык 0

Бишкек, 29-апрель /Кабар/. Такталган маалымат боюнча, Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып, анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт, алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул турак үй ээлерине 2017-жылдын 28-март күнү КР ӨКМнин мониторинг департамент тарабынан жана айыл аймак тарабынан коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча жеке эскертүүлөр берилген.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов башчылыгында издөө иштерин жүрүп жатат.

Издөө иштерине КР ӨКМнин Өзгөн райондук өрткө каршы куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 64 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 жаран тартылды издөө иштери уланууда.

Андан сырткары КР ӨКМнин РӨКОнын 2-издөө куткаруу отрядынан полковник Буланов жетектеген 32 куткаруучу Жалал-Абад облусунан чыгышкан.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин генерал-майор Кубатбек Боронов буйругу менен 5 орунду 30 даана жайкы чатыр, 30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдары РӨКОнын 1 даана Камаз унаасына жүктөлүп жөнөтүлүүдө.

Алдын ала алынган маалымат боюнча 2003-жылы 3 үй-бүлө мамлекет тарабынан ссуда алап, бирок ошол эле учактардагы жер тилкесинде 4 үй тургузулган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий