• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөндө ички чарбалык канал тазаланып, суу каптоо кооптуулугу жоюлду

Аймак 0

Бишкек. 08.04.21. /Кабар/. Өзгөндө 500 метр ички чарбалык канал тазаланып, суу каптоо кооптуулугу жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айылынын Бекболотов көчөсүндөгү сел өтүүчү канал жаз айларындагы жаан-чачындын көп жаагандыгына байланыштуу 12 турак үйдү, Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектепти жана айыл өкмөтүнүн имаратын суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

Жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамыркановдун жетекчилиги астында ӨКМ тарабынан куткаруучулар жана 1 экскаватор тартылып, жергиликтүү тургундардын жардамында 500 метр узундуктагы ички чарбалык канал толугу менен тазаланып, кооптуулук жоюлду.

Пикир

Оставить комментарий