• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөндө имам баңгизаты менен кармалды. Тергөө жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.18. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында имам баңгизаты менен кармалган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25нен 26-октябрына караган түнү болжол менен саат 4:55дер чамасында атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин алкагында Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылынын жашоочусу баңгизаты менен колго түшкөн.

Маалым болгондой ал аталган айылдын имамы 1981-жылкы С. К., аттуу жаран болуп чыккан.

“Үстүндө кийип жүргөн курткасынын сырткы оң чөнтөгүнөн 37,6 грамм баңгизаты табылган”, - деп кабарлашты ведомстводон.

Учурда аталган факты боюнча топтолгон материал Өзгөн РИИБнин кылмыш каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми кармалган С. К., аттуу жаран Өзгөн РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Өзгөн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий