• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөндө майыптыгы бар адамдарды колдоо максатында “Биз биргебиз!” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен Ош облусунда майыптыгы бар жарандарды колдоо боюнча “Биз биргебиз!” аталышындагы бир айлык өтүп жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алкагында бүгүн 2-декабрь күнү Өзгөн районундагы майыптыгы бар жарандар үчүн майрамдык салтанат уюштурулду. Аталган иш-чарада райондогу ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ортосунда “Кош Жылдыз” сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан даярдалган жомок, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган

"Буратинонун жоруктары" шоу программасы жана белгилүү эстрада жылдыздары катышкан концерттик номерлер тартууланды. Ошондой эле катышуучуларга атайын даярдалган белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, 3-декабрь - майыптыгы бар адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу Ош облусунда майыптыгы бар жарандарды колдоо боюнча бир айлык иш-чараларды өткөрүү планы бекитилген. Буга чейин “Биз биргебиз! ” иш-чарасы Араван, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий