• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөндүн Большевик айылындагы мектептин курулушу 74%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Ош облусундагы Өзгөн районунун Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 74%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда мектептин чатырын, терезе блокторун орнотуу жана электр куроо иштери аяктады. Ички жасалгалоо иштери, ошондой эле жылытуу, суу, канализация жана сырткы тармактарды орнотуу иштери аяктоодо. Мындан тышкары, сырткы жасалгоо иштери жана аймактын металл тосмолору да башталды.

Белгилей кетсек, билим берүү обьектиси 225 окуучулук орунга эсептелип, сметалык наркы 873 541,6 долларды түзөт. Мектептин курулушун жаңы окуу жылына карата бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий