• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөндө 5 турак үйдүн короосун суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Өзгөндө нөшөрлөгөн жаандан улам каналдан суу ашып, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунда 18-август күнү жааган жаандын кесепетинен Мырза-Аке айылында жайгашкан каналдан суу ашып, 5 турак үйдүн короосун каптаган.

Жерине Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылган. Канал тазаланып, суунун нугу бурулду.

Пикир

Оставить комментарий