• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзгөндө “Радикализм Исламдан эмес” аттуу райондук жыйын болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. 25-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясында “Радикализм Исламдан эмес” аттуу райондук жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган жыйынга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Олжобай Осмоналиев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Бөрүмухамбед Эсенов, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун түштүк аймагындагы өкүлү Медербек Абдыманапов, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мечит имамдары жана жалпы райондун активи катышышты.

Жыйында алгач укук коргоо органдары тарабынан жарандардын ар түрдүү терс агымдарга азгырылгандыгынын кесепети тууралуу видео-ролик көрсөтүлдү. Андан соң Чубак ажы Жалилов жыйындын темасына байланыштуу баяндама жасап, Ислам баалуулуктарында бардык иш-аракеттер жарандарды туура жолго үгүттөп, бийик адеп-ахлактуулукту жана коомго пайдалуулукту үйрөтөөрүн түшүндүрдү. Ошондой эле, радикализм, терроризм Исламдан эмес экендигин белгилеп, көпчүлүк жарандар илимсиздиктин жана туура маалыматтуулуктун жоктугунан ар кандай терс көрүнүштөргө кириптер болуп жаткандыгын эскертти. Андыктан ар бир ата-эне балдарынын интернеттен туура эмес маалыматтарды алуусун көзөмөлдөп, үй-бүлөөдө балага туура тарбия берүүгө кайдыгер карабай, динди үйрөтүүдө расмий мечит имамдарына кайрылуу керектигин билдирди.

Мындан тышкары, мамлекет тарабынан жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жалпы мечит имамдары, ата-энелер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде жана жогорку окуу жайларда жаштарды туура багытка үндөгөн тарбиялык иш-чараларды байма-бай уюштурууга чакырды. Жыйындын экинчи бөлүгүндө катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорго шарият негизинде жоопторду берди. Соңунда жалпы жыйындын катышуучулары Чубак ажыга ыраазычылык айтышып, аталган жолугушууну райондун айыл өкмөттөрүндө да уюштуруу керектигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий