• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөндө сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун каптады

Аймак 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Өзгөн районунун Ак-Жар жана Кызыл-Тоо айыл аймактарында 22-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, жолду жана үч үйдүн короосун сел суулары каптап калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Какыр айылындагы үч үйдүн жер төлөөсү жана үй алдындагы бактарды суу каптаган.

Жергиликтүү тургундар өздөрү тазалоо иштерин жүргүзүшөт.

Жерине Жарандык коргонуу боюнча райондук комиссиянын өкүлдөрү чыгып кетишкен.

Эске сала кетсек, 22-майдагы жаандан улам Ноокат районунда да сел жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий