• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөндө суу ташкындарынын алдын алуу максатында көпүрө курулууда

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Красный-Маяк айылында элдин коопсуздугу үчүн көпүрө курула баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган айылда жайгашкан “Атамкул” каналында жаз келери менен суунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөдөн суу ашып, жергиликтүү тургундардын турак үйлөрүн жана үлүш жерлерин суу алып кетүү коркунучу жаралган.

Мындан улам ӨКМдин 2021-жылга карата бекитилген иш-чарасынын негизинде көпүрө куруу иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий