• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөндө террордук иш-аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу заттар, ок-дарылар табылды

Аймак 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кечээ, 18-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүчү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына террордук иш-аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу зат, ок атуучу куралдар жана ок дарылар табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун аймагында атайын катылган жайда тинтүү жүргүзгөн учурунда төмөнкү курал-жарактар алынган:

1. 1 даана РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы;

2. 2 даана тротил шашкасы;

3. 17 даана 7,62 Калашников автоматынын октору;

4. 1 даана 16-калибриндеги 7,62 огуна ылайыкташтырылып колдо жасалган ок атуучу курал;

5. 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү, оптика жасалгасы менен ок атуучу курал.

Табылган куралдардын ээсин тактоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Өзгөн шаарынын тургундары 1975-жылкы С.Б., жана бир тууган иниси 1979-жылкы С.Р., тарабынан катылгандыгы аныкталган.

Аталган жарандар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болушкан.

"Ошондой эле Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук уюмдун активдүү мүчөсү Мухтаров Сиражиддин Зиявудинович( каймана аты “Абусалох”) менен тыгыз байланышы болгондугу жана Сирияда согуштук аракеттерге катышып, андагы топтун биринин лидери экендиги айкын болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул жарандардын жүргөн жерин тактап, жоопкерчиликке тартуу боюнча эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Жогорудагы алынган далил буюмдар боюнча Ош ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, криминалисттик экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий