• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөндө турак жайдан өрт чыгып, жакын жайгашкан үйлөргө өткөн

Кырсык 0


Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, жакын жайгашкан үйлөргө өтүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 03:48де чектөөгө алынып, саат 04:58де толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий