• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзгөндө Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагерине 80 миң сом жана белектер берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагерине 80 миң сом жана белектер берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата Өзгөн районундагы жалгыз ардагер Турду Сатыкуловго президент тарабынан 70 миң сом, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 10 миң сом акча каражаты жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин баалуу белектери ыйгарылды.

Турду Сатыгулов 1925-жылы Өзгөн районунун Көлдүк айылында туулган, улуту кыргыз, билими орто. Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери. Ал 1943-жылы 18 жашка толгондо согушка чакыртылып, алгач даярдоо курсунан өтүп, 277-аткычтар дивизиясында “катардагы жоокер” болуу менен согуш талаасына аттанган. Улуу Жеңишти 1945-жылы Калининград шаарында тоскондон кийин, туулуп өскөн жери Көлдүк айылына кайтып келген.

Турду Сатыгулов согуш талаасында көптөгөн апааттуу күндөрдү башынан өткөргөн. Курман болгон көптөгөн жоокерлерди көргөндө эт-жүрөгү тилинип, душмандан өч алуу максатында каармандык менен өз кайратын көрсөткөнүн айтат.

“Согуштан кийинки оор жылдарда эмгек менен гана элди кыйынчылыктан алып чыгуу мүмкүн экенин туура түшүндүм, күн-түн дебей кайраттанып эмгектендим. 1946-1967-жылы Көлдүк айылында бригадир, склад башчысы, прораб болуп иштедим. 1967-1977-жылдары Көлдүк айылдык кеңешинин төрагасы, 1977-1994-жылдары Көлдүк айылдык кеңешинин башкы эсепчиси болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыктым”, - дейт Сатыгулов.

Ардагер көптөгөн орден, медалдардын ээси жана бир нече сыйлыктарга татыган. Үй-бүлөлүү, 7 уул, 4 кыздын, 50 неберенин, 50 чеберенин кадырлуу атасы.

Маалымат үчүн: Ош облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 11, оруктун 179 ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий