• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөндө ундун баасы көтөрүлдү деп жалган маалымат тараткан адам кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.03.20. /Кабар Өзгөндө социалдык тармактарда ундун мүшөгү 2,5-3 миң сомго көтөрүлдү деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ундун баасы 1,3-1,4 сомдон ашкан жок. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде жалган маалымат тараткан 1995-жылы туулган жаран кармалып, анын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн экспертиза дайындалды.

Ошондой эле калк ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий