• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ѳзгөндө заманбап муниципалдык базар курулат

Аймак 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Ѳзгөндө заманбап муниципалдык базар курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлайт.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдраимов Ѳзгөндө муниципалдык базар курууну баштоо тапшырмасын берген.

"Антпесе ызы-чуу бүтпөйт, жол тыгын күчөйт. Мэрия шаардыктарга да, соодагерлерге да шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Ошол эле базардагы соодагерди өнөктөш кылгыла. Аны эсептеп чыгууга чоӊ илимдин кереги жок. Мен зарыл болсо, ар бир айда келип кабар алам, кеӊеш берем. Ошону тездетебиз. Бул кооптуу, көрүмсүз, башаламан базар шаардын көркүн бузбоого тийиш", - деп билдирген облус башчысы Абдраимов.

Ѳзгөн базары 1986-жылы курулган, 90-жылдары менчиктештирүү иштери башталган. Сот процесси бир нече жолу болуп, көпчүлүк документтер табылбай, бир нече тарап талашып чуу жаратып, салык жашырылып, коопсуздук эрежелери бузулган. Эӊ чоӊ көйгөй-жол тыгындарын жаратып ыӊгайсыздык жаратууда.

Мындан сырткары, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов инвестор тартуу боюнча сүйлөшүп жатканын, заманбап 4 жылдыздуу мейманкана курууга инвестор бар экендигин, ал үчүн жакшы жер чечүү жагын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий