• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзгөндө жаңы окуу жылына карата эки мектеп курулду

Аймак 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда 2-сентябрда эки жаңы мектеп ачылгандыгын Өзгөн райондук администрациясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2-сентябрда Аюу айылында 63 миллион сомго салынган 150 орундуу жаңы мектептин ачылуу аземи болуп өттү. Ошол эле күнү Элчибек айылында 17 миллион 500 миң сомго бааланган 100 орундуу мектеп ачылган.

Жаңы мектептин ачылышына КР финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мындан сырткары, Кыймыл айылындагы С. Ормонов атындагы орто мектеп толугу менен оңдолду. Ана-Кызыл айылындагы А. Өмүрзаков атындагы орто мектебине жаңы спорттук зал салынды.

Пикир

Оставить комментарий