• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган жарандарга турак жай куруу 1367 тонна цемент жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. Өзгөн районунда жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак (Жаман-Адыр) тилкесине турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. ӨКМдин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, жарандарга жеңилдик кылуу максатында 12-октябрда Араван цемент заводунан КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасына 15 тонна цемент жүктөлүп, жеткирилди.

2017-жылдын 22-июнунан 12-октябрына карата жалпы 1367 тонна цемент жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий