• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзгөндө жер көчкү түшүп, 6 адамы менен бир үйдү басып калды

Кырсык 0

Бишкек, 26-март /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында алдын ала алынган маалымат боюнча, 2017-жылдын 26-мартында түнкүсүн Ничке-Сай айылынын Топ-Жангак участкасында узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 мер чейин жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Эгемкулов Өмүрбекке таандык турак-жайды 6 адамы менен (үй ээси, аялы жана 4 баласын) басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда турак-жай жана каза болгон жарандар такыр көрүнбөйт. Жер көчкү жүрүү коркунучудагы да сакталууда. Көчкү түшкөн адырдын арткы бетинде 1 турак жайбар.

Азыркы учурда ошол үйдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаал катталган жерге саат 07:50дө Өзгөн райондук өрткө каршы куткаруу кызматынан куткаруучулары, медицина кызматынан 2 дарыгер, 1 фелдшер, инженердик кызматынан 3 (үч) кызматкер, РИИБнен 1 (бир) кызматкери менен КР ӨКМнин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы улук лейтенант Н.Кулмаматов жерине барып, тактоо үчүн чыгып кетишкен.

Кошумча өзгөчө кырдаал катталган жерге саат 08:30да КРӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Дайыр Каримов, КР ӨКМнинМониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы А.Козубаев, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 35 (отуз беш) куткаруучу иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишти.

Саат 10:20да КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан көчмө башкаруу пункту (ППУ)подполковник А. Рыскелдиев жетектеген 5 адамдан турган ыкчам топ кырдаалды жеринен маалыматты чагылдырып, берип туруу үчүн чыгып кетишти.

Өзгөн районунун борборунан Топ-Жаңгак участкасына чейин 31 чакырымды түзөт анын ичинен 5 чакырым аралыкка унаа бара албагандыктан жөө атчан баруу керек.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий