• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөндө жерде жаракалар пайда болду

Аймак 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда 2017-жылдын 6-мартында саат 08:00 чамасында Чаңгет айыл аймагынын Өстүрүү айылында Шоро жана Допу участкасынын жогору жагында жер сүрүлүп жаткандыгы байкалган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 6-март күнү КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы полковник К.Абылов, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин бөлүм башчысы А.Козибаев жана райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы Допу участкасында жеринде изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгында:

Сүрүлүп жаткан жердин тушунда 2 турак үйдөн башка үйлөр жок экендиги аныкталган. Коопсуздук үчүн жер көчкү коркунучу жаралган 2 үйдүн жашоочулары коопсуздук үчүн туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Ал эми Өстүрүү айылынын Шоро участкасындагы сүрүлүп, жаңы жарака пайда болгон жер 30 см чейин чөгүп, 50 см аралыкка чейин жылган. Учурда көчкүнүн жанында жашаган 10 турак үйдөн 6 үй бүлөө 2017-жылдын 18-февралында көчүп чыгып, 4 үй бүлөө түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий