• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзгөндө жол кырсыгы катталып, 13 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Өзгөндө үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 13 адам жабыркады, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарынын Такачы көчөсүндө эки “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаалары жана “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 13 адам жабыркаган, анын ичинен сегизинин абалы өтө оор абалда, бешөө жеңил жаракат алышкан. Куткаруучулар жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий