• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөндө жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, бирөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Өзгөн районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 1 эркек киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунда 21-июнда Салам-Алик айыл аймагынын Мырзаке - Кара-Шоро унаа жолунун 52-чакырымында “Daewoo Tico” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине ӨКМдин кызматкерлери барып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматы Мырзаке айылындагы ооруканага жеткирген.

Пикир

Оставить комментарий