• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөндө жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, экөө ооруканада

Кырсык 0

Ош, 28.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. “ВАЗ 2199” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол эрежесин бузуп, кууп өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 11:00 чамасында катталган.

“”ВАЗдын” айдоочусу жогорку ылдамдыкта карама-каршы тилкеге чыгып, “Фит” үлгүсүндөгү унааны барып сүзгөн. Кырсыктын натыйжасында үч адам каза болуп, дагы экөө жабыркаган. Алар учурда облустук ооруканага жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий