• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖӨБ органдарындагы башаламан текшерүүлөрдү иретке келтирүү керек - Орозбаев

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы башаламан текшерүүлөрдү иретке келтирүү керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары Бектур Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу өлкөдөгү 453 айыл өкмөтү жана 33 шаардын мэриясы менен иш алып барат.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын башаламан текшерүүлөрдүн орун алышы маселе жаратууда. Мыйзамсыз, кайталама текшерүүлөр көп болгондуктан 2016-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнү бир тартипке алып келүү боюнча мыйзам чыккан. Анда прокуратура ар бир текшерүүнү катташы керек эле. Прокуратура органдары 2018-2020-жылы атайын пландык текшерүүлөр боюнча мораторий жарыялап, текшерүүлөр азайган. Бирок башка мамлекеттик органдар тарабынан андай чара колдонулган эмес. Өкмөт жана Жогорку Кеңештин токтому менен 4 эле орган бекитилген. Алар прокуратура, экотехинспекция, санэпидкөзөмөл департаменти жана соцфонд гана текшерүү жүргүзө алат", - дейт ал.

Орозбаев 2019-жылы жумушчу топ түзүлүп, 7 облуста жогоруда айтылган мыйзамдын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн айтат.

"Жер-жерлерге чыкканда прокуратурадан текшерүүлөр азайыптыр. Бирок башка маморгандар бул мыйзамга баш ийбейт экен. Мыйзамды кайра карап чыгып, айрым мамлекеттик органдар текшерүүгө муктаж болсо тизмеге киргизип же болбосо аларга чара көрүлүшү керек. Өкмөттүн аппаратынан баштап салык кызматына чейин текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бир четинен алардын муктаждыгы да бар. Экинчиден жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир топ милдеттенмелер жүктөлгөн", - деп белгилейт Орозбаев.

Орун басардын айтуусуна караганда, ар бир текшерүүчү орган 31-декабрга чейин Башкы прокуратурага өзүнүн планын көрсөтүшү керек.

"Ал мынча айыл өкмөтүнөн бул мыйзамдын аткарылышын текшерем деп кайрылышы керек. Прокуратура уруксат бергенден кийин, маморган өзүнүн сайтына жарыялашы шарт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал сайттан көрүп, даярданыш керек. Текшерүүнүн максаты жазалоо эмес, мыйзам бузууларды аныктап, анын кайталанбашы үчүн жардам берүү. Азыркы учурда текшерүү көп болгондуктан кызматкерлердин кетип калган учурлары да болууда", - деди ал.

Орозбаев дагы кайсы органдар текшериши керек, кантип текшерилиши боюнча мыйзамды кайра карап көрүү керек экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий