• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖӨБ тармагындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча көчмө жыйын өтүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бишкекте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) тармагындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча көчмө жыйыны өтүүдө.

Иш-чараны комитеттин төрагасы Медербек Алиев ачты.

Анын айтымында, мамлекеттик бийлик органдарынын туруктуу жана талаптагыдай иштеши үчүн бийликтин үч бутагы менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да абдан маанилүү.

“Учурда Кыргызстан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жана чыңдоо багытын алды. Буга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү иштеши үчүн ченемдик укуктук актыларда белгиленген потенциалды түзүү зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий