• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖӨБЭММА директору Бахтияр Салиев кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) директору Бахтияр Салиев кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Куттуктоонун текстин толугу менен келтиребиз;

Бардык мусулмандар чоӊ үмүт менен күтүп, кирип келген улуу Рамазан айыӊыздар менен сиздерди кызуу куттуктаймын!

Өзүӊүздөргө белгилүү болгондой быйылкы Рамазан айы биздин өзгөчө биримдикти, ынтымакты, мээримдүлүктүү талап кылган учурга туш келди. Себеби дүйнөнүн канча мамлекеттерин каптаган коронавирус илдети биздин өлкөгө да келип жетип, азыркы учурда бир топ жарандарыбыз бул илдетке кабылып, элибиздин башына оор мүшкүл түшүп турган кез.

Албетте, бул өтө өкүнүчтүү жагдай. Азыркы учурда башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен президент жана өкмөт тарабынан илдет менен күрөшүү багытында иштер уюштурулуп, коомдун алдыӊкы катарында күнү-түнү талыкпай жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери оор шарттарда тынбай иштеп жатышат. Себеби жер-жерлерде азыркы шарттын талабына ылайык, ыкчам аткара турган иш-чаралардын саны көбөйүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айыл аймактарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, элдин аз камсыз болгон катмарына тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, карантиндин талабына ылайык, обсервациялык орундар даярдалып, ошону менен бирге айыл чарба иштери дагы толугу менен аткарылып жатат.

Албетте, бул иштерди аткаруу канчалык кыйын экени айтпаса да бардыгыбызга түшүнүктүү. Мындай абалдан чыгып кетүү үчүн Рамазан айында аруу тилектер менен өз ишибизди уланта беришибиз керек.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Баарыӊыздарды кирип келген Рамазан айыӊыздар менен дагы бир жолу куттуктап, сиздерге жалаӊ ийгиликтерди каалаймын. Элибизде токчулук, молчулук болуп, ар бир күӊүӊүздөрдү жакшылыктар коштоп, апааттуу илдет жерибизден тезирек кетсин!

Пикир

Оставить комментарий