• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖӨБЭАМА ККАнын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 2-сентябрында өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА) ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан калкы Ассамблеясынын (ККА) курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин жетекчилери менен элдердин биримдигин жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо максатында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ЖӨБЭММАнын басма сөз кыызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде катышуучулар Кыргыз Республикасынын элдеринин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процесси алдында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү учурдагы этностор аралык кырдаал жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Кеңешменин жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышуучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына таза жана ачык шайлоо өткөрүүнү, кырдаалды туруксуздаштырбоого, мыйзамдуулукту сактоого жана чыңдоого, өлкөнүн тынчтыгы жана туруктуулугу боюнча кайрылуу жасашты.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын, КР ИИМнин, КР УКМКнын, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Кыргызстан калкы Ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Кайрылуунун тексти:

Урматтуу мекендештер!
Биздин сүйүктүү Кыргызстаныбызды эзелтеден бери эле түрдүү этностордун өкүлдөрү байырлап, ынтымакта, биримдикте, достукта жашап келишкендиги белгилүү.

Бардык тарыхый бурулуштарда этникалык топтордун өкүлдөрү кыргыз эли менен биргеликте жалпы Ата Мекенин коргоп, тышкы агрессорлор менен согушуп, табигый кырсыктар жана эпидемиялар учурунда бири-бирине колдоо көрсөтүп, жардам берип турушкан.

Кыйынчылыктарды, ачкачылыкты жана башка кырсыктарды чогуу жеңишкен. Бирдиктүү жамаат болуп жашаган элдин ынтымагы, биримдиги жана бир туугандыгы ар дайым душмандарды жеңип чыгуунун, чоң апаат учурунда аман калуунун кепили болуп келген. Биздин акылдуу ата-бабаларыбыз этностук жана диний негиздеги кастыкка жол беришкен эмес. Аларды улуу Манастын осуяттары менен жашаган, кыргыз элинин менталитетине мүнөздүү болгон жан дүйнөсүнүн кеңдиги, кайрымдуулук жана толеранттуулук жакшы ниеттеги адамдарды магнит сыяктуу өзүнө тартып, кыргыз элинин жерине тартты.

Ата-бабаларыбыздын элдик макал-лакаптарында “Эр достугу - эгиз, эл достугу - деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат” - деп айтылат.

Урматтуу мекендештер!

Баарыбыз бирдиктүү дем менен тарыхый каада-салттарды сактап калууга жана аларды чыгармачылык иш-аракеттер аркылуу жаңы маани менен байытууга милдеттүүбүз.

Дүйнө жүзүндө миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган, көзгө көрүнбөгөн жана ушул кезге чейин белгисиз болгон кооптуу массалык эпидемия жайылган мезгилдеги карантиндин натыйжасы - жарандардын жашоо деңгээлинин убактылуу төмөндөшүнө алып келүүдө. Массалык эпидемиялар жана алардын терс кесепеттери учурунда адамдардын достугун жана биримдигин сактоо зарылдыгы күчөйт. Ушундай татаал мезгилдерде айрым күчтөр элдин биримдигине жана коомдун туруктуулугуна таасир этүүсү мүмкүн.

Бир айдан кийин өлкөбүздүн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болот. Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович шайлоону таза, ачык өткөрүү, добуш сатып алууга жол бербөө жана кырдаалды туруктуу кармоо милдетин койду. Бул милдетти ишке ашыруу мамлекеттик институттардан дагы, жарандык коомдон дагы ушул маанилүү көйгөйгө консолидацияланган мамилени талап кылат.

Этностор аралык мамилелердин курчуп кетишине, чагымчылдыкка жана улутчул мүнөздөгү чакырыктарга жол бербөөгө өзгөчө көңүл буруу керек.

Биз, бул кеңешменин катышуучулары, бир добуштан бардык этностогу Кыргызстандын жарандарын мекенчилдикке, мыйзамдуулукту, демократиялык коомубуздагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо жана чыңдоо үчүн активдүү көз карашта болууга чакырабыз.

Биз бардыгыбыз эркин өлкөнүн эркин атуулдарыбыз жана сүйүктүү Мекенибизди көздүн карегиндей сактайбыз!

Пикир

Оставить комментарий