• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖӨБЭММА башчысы Салиев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады, - деп билдирет агенттиктин басма сөз кызматы.

Куттуктоодо төмөнкүдөй деп айтылат:

Урматтуу мекендештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү!

Сиздерди кирип келе жаткан 2021-жаңы жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Жалпыга маалым болгондой, 2020-жылдын башталышында дүйнөдө жана өлкөбүздө орун алган пандемиядан улам өлкөбүз оор сыноону башынан өткөрдү. Бул кырдаалда ар бир жаран, медицина кызматкерлери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, деги эле жалпы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү илдетти жайылтпоо боюнча алгылыктуу иштерди аткара алды десек болот.

Ошону менен биргеликте 2020-жыл - “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында мерчемделген иштер аткарылып, экономикабыз солгундап тургандыгына карабастан туруктуу багытын шарттай алды. Мындан ары дагы өлкөбүздө уюткулуу кыргыз элибиздин дени сак болуп, саясий-экономикалык туруктуулук калыптанып, мамлекетибиздин кубаттуулугу арта берсин.

Жаңы 2021-жыл жалпы элибизге бакты-таалай, үй-бүлөдө тынчтык, аманчылык, бекем ден соолукту, бакубат жашоону туртуулап, дүйнөдө тынчтыктын болушуна, ар бирибиздин ак ниет эмгегибизде үзүрлүү жетишкендиктер жаралып, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө салымыбыз кошулуп турушуна тилектешмин.

Сиздерди терең урматтоо менен,

Б. У. Салиев

Пикир

Оставить комментарий