• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖӨБЭММА башчысы менен Өзбекстандын элчиси кызматташтык маселелерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-августта Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекетик агенттигинин (ЖӨБЭММА) директору Бахтияр Салиев Өзбекстан Республикасынын КРдагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралууу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Салиев өзбек элчисине этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү агенттиктин ишмердүүлүгү менен тааныштырган.

Тараптар ЖӨБЭММА жана Өзбекстандын министрлер кабинетинин алдындагы чет өлкөлөр менен улуттар аралык жана достук мамилелер байланышы боюнча комитетинин ортосунда кызматташуу боюнча кол коюлган Меморандумдун алкагында мындан ары кызматташуу планын талкуулашты.

Ошондой эле Салиев жана Мирзахидов этностук саясатты жүзөгө ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, эки өлкөнүн элдерин жакындатуу, коомдук дипломатияны чыңдоо жана өнүктүрүү, жарандык коомдун потенциалын тартуу менен чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү кызматташтыгына көмөктөшүү боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөнүндө пикир алмашышкан.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын махалланы жана үй-бүлөнү колдоо министрлиги менен агенттиктин кызматташуусу, ошондой эле Өзбекстан жана Кыргыз Республикаларынын этностук коомдук бирикмелеринин ортосундагы иш-сапарлар боюнча маселелери талкууланды.

.

Пикир

Оставить комментарий