• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй облусундагы медициналык мекемелерге кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА) ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинен COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө 46 кычкылтек концентраторун жана 46 пульсоксиметр түрүндө техникалык жардам алды.

Агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, бул медициналык жабдыктар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан агенттиктин суранычы боюнча эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоого көмөктөшүү максатында берилген.

Аталган медициналык жабдуулар Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 23 көп этностуу район шаарлардагы медициналык мекемелерге таратылат.

2020-жылдын 16-декабрында агенттик Чүй облусундагы 6 көп этностуу райондорго жана Токмок шаарына 14 кычкылтек концентраторун жана 14 пульсоксиметр берди.

Тапшыруу аземине агенттиктин директорунун орун басары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин улук саясий кеңешчиси, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондук мамлекеттик администрациялардын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун өкүлдөрү жана Токмок шаарынын мэриясынын өкүлү катышты.

Пикир

Оставить комментарий