• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖӨБЭММА Чүй облусундагы пилоттук айылдардын 2020-жылы аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 19-декабрында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандагы “Семаыль Ундонг” борборунун өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусундагы пилоттук айылдардын 2020-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу жана 2021-жылы аткарыла турган иштерди аныктоо боюнча семинар өткөрдү. Бул тууралуу ЖӨБЭММАнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, агенттиктин жетекчилиги “Кыргызстандагы жаңы айыл” долбоорунун алкагында 12 айылда жалпы суммасы 45,6 млн сомго 31 долбоор ишке ашырылганын, бул долбоор өкмөттүн буйругуна ыйлайык, агенттик менен Корея Республикасынын Ички иштер министрлигинин эки тараптуу кол коюлган Меморандумдун негизинде ишке ашырылып жаткандыгын, ошондой эле пилоттук айылдардын 100дөн ашык лидерлери Корея Республикасынын Семаыль борборунан окуудан өтүп келишкендигин белгиледи.

Ал эми 2020-жылы пандемия учурунда аталган долбоордун алкагында Корея Республикасынын Семаыль борборунун окутуучулары тарабынан дистанттык түрдө 4 пилоттук айылдан 20 лидерине окуулар жүгүзүлгөн.

Ноябрь айында Кыргызстандагы “Семаыль Ундонг” борборунун өкүлдөрү тарабынан ар бир пилоттук айылдарда жерине чыгуу менен 80 лидерлерге окутууларды жүргүзүп келиш кендигин айтып өтүштү.

Семинар “Кыргызстандагы Жаңы айыл” долбоорунун алкагында инвестицияларды тартуу менен Семайыль принциби боюнча өнүгүп жаткан Чүй облусунун пилоттук айылдарынын тажрыйбасын башка айылдарга жайылтуу максатында болуп өттү.

Учурда Чүй облусунун пилоттук айылдары болуп: Сокулук районундагы Крупская айыл аймагынын Арал айылы, Чүй районундагы Искра айыл аймагынын Искра айылы, Кош-Коргон айыл аймагынын Кош-Коргон айылы, Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын Ак-Башат айылы саналат.

Ошондой эле “Гуд Нейборс Интернешнл” уюмунун жана Семаыльды Глобалдаштыруу фондунун жетекчилери өздөрүнүн сөздөрүндө лидерлер тарабынан жакшы иштердин болуп жаткандыгын белгилеп, долбоорлордун мындан ары да өнүгүшүн кааларын айтышты.

Семинардын жүрүшүндө пилоттук айылдардын лидерлери Семаыль Ундонг принцибинин колдонуу менен долбоорлорду ишке ашыруудагы жетишкендиктери боюнча жана иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, бул принцип кыргыз элинин илгертеден келе жаткан “Ашар” кыймылына окшоштук жактары бар экендигин айтып өтүштү. Анткени бул кыймылдардын эң негизги принциби элдердин активдүүлүгү, алардын айылды өнүктүрүүдөгү иштерге тартылышы, талыкпаган эмгек менен бийик көрсөткүчтөргө жетишүү болуп эсептелээрин белгилеп кетишти.

Мындан тышкары, атайын чакырылган айылдардын лидерлери да болуп жаткан жетишкендиктерин көрсөтүү менен 2021-жылга карата социалдык тармактагы жайлардын абалын жакшыртуу, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлору презентацияланды.

Агенттиктин өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын башка региондоруна, өзгөчө жетүүгө кыйын жана чек арада жайгашкан айылдарга да бул долбоордун жайылышы боюнча сунуштарын киргизишти.

Пикир

Оставить комментарий