• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖӨБЭММА: Үч-Коргон айыл өкмөтүндө илдеттин алдын алуу максатында бир топ иштер жасалууда

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан COVID-19дун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында бир топ иш-аракеттер жасалууда. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Баткен облусунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө коронавирус илдетин жайылтпоо максатында жасалган иш-чаралар;

Коронавирус илдетин жайылышынын алдын алуу жана кесепеттерине каршы күрөшүү максатында Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир топ иштер аткарылды. Алсак, санитардык жактан сактануу каражаттары, коргонууга керектелүүчү кийимдер, антисептиктер, дезбарьер, хлор+дезинфекция сатып алынып, айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамдар берилүүдө. Жалпысынан илдет башталган мезгилден бери жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 564 миң 770 сом акча каржыланган.

Андан сырткары, Үч-Коргон айыл аймагындагы ишкерлер 1 млн 320 миң сомдук жардам беришкен. Ошондой эле өздүк жардам бергендер да бар, атай кетсек, Алижон Абдухалилов 80 миң сомдук дары-дармек алып берген, Үч-Коргон жаштары бирикмеси 3 миллион сомдук жардам көрсөткөн. Андан сырткары, Шерзод Мадумаров жана Исроилжон Нишонбоев 12 жасалма дем алдыруучу аппаратын сатып беришкен.

Үч-Коргон айылынын тургуну, Кыргыз Республикасындагы тажик диаспорасынын вице-президенти, ишкер Мавлянжон Абдуразаков өзүнүн кафе-рестораны, дарыканасы жайгашкан имаратын өз демилгеси менен күндүзгү стационар катары ачып, келген бейтаптарды бекер дары-дармек менен камсыз кылууда.

Ошондой эле Үч-Коргон атайын-жатак мектебинин имаратында айыл өкмөтүнүн демилгеси менен күндүзгү стационар ачылып, коронавирус илдетине кабылгандарды айыл өкмөтүнүн жана ӨКМдин каржылоосу менен дарылашууда.

Учурда Россияда иштеп жүрүшкөн Үч-Коргон айылынын жаштары бир даана тез жардам автоунаасын сатып алышып, учурда Россиядан алып келишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий