• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖӨБЭММА: Кочкор-Ата шаардык мэриясынын COVID-19 илдетин алдын алуудагы иш-аракеттери

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын мэриясы тарабынан коронавирус илдетин жайылтпоо максатында бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кочкор-Ата шаарында коронавирус илдетин жайылтпоону алдын алуу, оору менен күрөшүү багытында жергиликтүү бюджеттен 550 000 сом акча каражатына шаар калкынын аярлуу катмарына 282 үй-бүлөгө 1 каптан ун жана 5 литрден май гуманитардык жардам катары берилди. 62 000 сом акча каражаты жарандардын дарылануусуна шарт түзүүгө оорукана, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна бөлүндү. 383 000 сом акча каражаты курулуш иштерине, аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоп-түзөөгө, шарт түзүүгө, тез жардам автоунааларын дезинфекциялап, обочолонтуу үчүн үстү жабык бастырма курулушуна сарпталды. Дезинфекциялоо каражаттарына 252 000 сом акча каражаты бөлүнүп, шаардын негизги ички 18 көчөсү күн сайын хлор эритмесинин кошулмасы менен дезинфекцияланууда. COVID-19 илдетинин таралуусун алдын алууга жалпы, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 319 миң сом акча каражаты бөлүнүп, сарпталды. Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 139 үй-бүлөгө 1 каптан ун берилди.

Азыркы мезгилде, жалпы 111 орун кабыл алууга даярдалган 4 стационар бар. Күндүзгү стационарларда бейтаптарды кабыл алууга 4 дарыгер, 6 медайым тартылган. Күндүзгү стационарга бүгүнкү күнгө карата 16 адам кайрылып, дарыланууда.

Кочкор-Ата аймактык ооруканасында пневмония жана коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 50 орун даярдалган. Пневмония жана коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 30 адамды түзөт. Бейтаптарды дарылоого учурда 22 медицина кызматкери тартылган. 46 жасалма дем алдыруучу аппарат бар, медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттар, бейтаптарды дарылоого керектелүүчү дары дармектер жетиштүү. Мындан сырткары, шаар жетекчилигинин демилгеси менен 2 обсервация ачылып, бейтаптарды дарылоого даярдалган.

Кочкор-Ата шаарында күндүзгү стационарлар, борбордук базар, борбордук көчөлөр, сквер, автоунаа токтоочу жайлар жана башка эл көп жүргөн жерлер жумасына орточо 48,850 м2 аянт жер дезинфекцияланууда. Азыркы күндө 300 кг хлор запаста бар. Дезинфекциялоо иштери дагы улантылууда.

Ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан 400-500 үй-бүлөгө гуманитардык жардам азык-түлүк түрүндө көрсөтүлдү. Андан сырткары, шаар аймагындагы күндүзгү стационарларга, аймактык ооруканага жеке коргонуучу каражаттар, жасалма дем алдыруучу аппараттар берилүүдө. Жеке ишкер Мамашов Адылбек 1 даана, жеке ишкер Оморалиев Абдулраулкасым 1 даана, жеке ишкер Раимжанов Нияз 1 даана жасалма дем алдыруучу аппарат алып беришип, аймактык ооруканага тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий