• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖӨБЭММА коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларына Ош шаарында семинар-тренинг өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, (ЖӨБЭММА) Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2020-жылдын 31-октябрында көп этностуу район/шаарларындагы коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчыларына Ош шаарында семинар-тренинг өткөрүштү. Бул тууралуу ЖӨБЭММАнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Семинар-тренинг Кыргыз Республикасында этностук, диний себептүү чыр-чатактарды болтурбоонун алдын алуу максатында, мониторинг жүргүзүү жана мониторингдин негизинде аныкталган көйгөйлөргө анализдерди даярдоодо, Агенттиктин коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчыларына усулдук жардам көрсөтүү максатында уюштурулду.

Иш-чарага агенттиктин көп этностуу район/шаарларындагы коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары, мониторинг борборунун өкүлдөрү, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарындагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинин, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ош облусундагы өкүлдөрү катышышты.

Семинар-тренингдин жүрүшүндө агенттиктин жооптуу катчылары өз ишмердүүлүгү, иш-тажрыйбасы боюнча ой бөлүшүшүп, көп этностуу аймактардагы элдин биримдигин бекемдөө жана жалпы жарандык идентүүлүктү өнүктүрүү, диний радикализмдин алдын алуу багыттарында жетишкен натыйжалары тууралуу маалымат беришти.

Иш-чара тиешелүү санитардык нормаларды сактоо менен өткөндүгүн ЖӨБЭММАдан кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий