• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖӨБЭММА кызматкерлери Султан Каримовдун дарылануусуна бир күндүк эмгек акысын беришти

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев Кыргызстан калк ассамблеясынын курамындагы уйгурлардын “Иттипак” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган марафонго катышты.

Агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, марафондун максаты КР эл артисти Султан Каримовдун дарылануусу үчүн каражат топтоо болгон.

Белгилүү болгондой, эл артисти Султан Каримов учурда кант диабетинин биринчи түрү менен катуу оорууда жана жакын арада чет өлкөдө дарыланууга муктаж.

Марафондун жүрүшүндө агенттиктин директору Бахтияр Салиев сөз сүйлөп, эмгек жамаатынын демилгелүү чечими менен кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акысын аталган марафонго беришкендигин билдирди. Натыйжада, Агенттиктин эмгек жамаатынын атынан 65,000 сом акча каражаты расмий марафондо берилди. Марафондун жыйынтыгы менен жалпысы болуп 280,000 сом акчалай жардам топтолду.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар эл артисти Султан Каримовду үйүндө зыярат кылышып, топтолгон акчалай жардамдарын беришти. Ошондой эле катышуучулар эл артисти Султан Каримовго тез арада сакайып кетүүсүн, бакубатчылыкты жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий