• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖӨБЭММА: Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын COVID-19 илдетин алдын алуудагы иш-аракеттери

Аймак 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы бүгүнкү күндө коронавирус илдетин жайылтпоо максатында талапка ылайык бардык чараларды ишке ашырып келет. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда медицина тармагындагы мекеме-ишканалар күчөтүлгөн режимде иш алып барууда, бейтаптар үчүн кошумча даярдалган 320 орундуу күндүзгү стационарлар иштеп жатат, аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө изоляторго 50 койка, анын ичинен 10 реанимация койкалары, кардиология жана неврология бөлүмдөрүндө 50 койка, жалпы изоляторго 100 койка даярдалган. Шаардагы окуу жайлардын жатаканаларында жана аймактык ооруканада стационарлар даярдалган: №7КЛ – 110, №70 КЛ – 50, медициналык колледжде – 100, аймактык оорукананын терапия корпусунда – 40, тоо-кен колледжинде 30. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен электр энергия төлөмдөрүнө 44 миң сом, андан сырткары керектелүүчү шайман жана дары-дармектерине 30 миң сом бөлүнүп берилди.

Шаардык мэрияда, ӨКМ шаардык бөлүмүндө, саламаттыкты сактоо мекемелеринде күнү-түнү иштөөчү «Тынымсыз байланыш» телефондору жана адисттердин нөөмөтчүлүгү уюштурулган. Эпидемиологиялык кырдаалда Кызыл-Кыя шаарында социалдык-экономикалык абалды көзөмөлдөө, азыркы кырдаалда коопсуздук гигиена эрежелерин сактоо, эл арасында дүрбөлөӊдүн алдын алуу, тамак-аш азыктарынын баасы жөнүндө туура эмес маалыматтардын таркалуусуна жол бербөө максатында борбордук базарда жана жер-жерлерде, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары, шаардын көчөлөрүндө мобилдик үн күчөткүчтөр аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилгенден баштап шаардык жергиликтүү бюджеттин жеӊилдиктер беренесинен 191 миң (сом бөлүнүп, мамлекеттен, жана демөөрчүлөр тарабынан шаардык социалдык эмгек жана өнүктүрүү башкармалыгында катоодо турган аз камсыз болгон 2337 үй-бүлөгө жана шаардагы кварталдык комитеттер тарабынан сунушталган үй-бүлөлөргө, жалгыз бой карыяларга, арыз менен кайрылган жарандарга гуманитардык жана материалдык жардамдар берилип келүүдө. Шаарда уюштурулган блокпосттордо, стационар, обсервация, изоляторлордо иштеп жаткан кызматкерлер, жана үй карантининдеги жарандар менен иштеген мобилдик топтордун мүчөлөрү мэрия тарабынан медициналык көп жолу колдонуучу беткаптар, колкаптар, коргонуучу кийимдер жана дезинфекциялоо каражаттары (антисептик) менен камсыздалып жатат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60 миң сом бөлүнүп, «Динамо» тигүү цехинде 6 миң даана көп колдонуучу бет каптар даярдалып таркатылды. Шаарда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн шаардык оорулардын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборуна 268 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Блокпостто нөөмөттө турган кызматкерлерге 200 даана коргонуучу кийимдер алынып берилди.

Андан сырткары, жеке ишкерлер тарабынан саламаттыкты сактоо, милиция кызматкерлерине жана шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1000 даана антисептик каражаттары, 1000 даана кол кап жана 9000 даана бет каптар таркатылды. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында демөөрчүлөр тарабынан аймактык ооруканага 31 кислород концентраторлор берилди.

Шаарда коронавирус жана пневмония илдети менен күрөшүү жана кесепеттерин жоюу боюнча аткарылып жаткан иштерди, маалыматтарды, белгиленген чектөөлөрдү, мыйзам бузганга баргандарга көрүлгөн чараларды, ошону менен бирге оорунун жугуу жолдору, белгилери, дарылоо тартиби жөнүндө калкка ММК аркылуу жеткирилип турат.

Бул илдет менен күрөшүүдө шаардын тургундары да четте калган жок. Алар тарабынан “Кызыл-Кыя жардам штабы” түзүлүп, пандемияга байланыштуу түзүлгөн кырдаалга кайдыгер эмес болгон шаарыбыздын тургундары жана чет өлкөлөрдөгү кызылкыялыктар тарабынан чогултулган каражаттардын эсебинен атайын медициналык шаймандар менен жабдылган тез жардам унаасы алынып, 2020-жылдын 29-июлунда шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборуна тапшырылды. Шаардын саламаттыкты сактоо системасынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого кошкон салымдары үчүн “Кызыл-Кыя жардам штабына” Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев ыраазычылык билдирип, демилгелүү топтун активдүү мүчөлөрүнө ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Андан тышкары, шаардагы ыктыярчылар, жеке ишкерлер жана кайрымдуу жарандар тарабынан ооруканаларда эмгектенген дарыгерлерди тамак-аш менен камсыздап турушту.

Пикир

Оставить комментарий