• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖӨБЭММА: Тажик жана корей этносунун өкүлдөрү эпидемияга каршы күрөштө өз жардамдарын берүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Өлкөдөгү тажик жана корей этносунун өкүлдөрү эпидемияга каршы күрөштө өз жардамдарын берүүдө, - деп билдирет Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы.

Агенттиктин маалыматына караганда, карантин режими башталган март айынан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы тажик этносунун өкүлдөрү жана Жаштар канатынын өкүлдөрү коронавирусту жоюу боюнча республикалык штабга 100 миң сом, Бишкек шаарынын медицина кызматкерлерин ысык тамак, азык-түлүк менен камсыз кылыш үчүн Бишкек шаарынын мериясына 500 миң сом акчалай жардам берген.

Ал эми Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан тажик тараптан күйүп кеткен үйдү калыбына келтирүүгө 100 миң сом жана жакыр үй-бүлөлөргө, улгайган адамдарга азык-түлүк менен 27 миң сомго жардам көрсөтүшкөн.

Алар өз ыктыяры менен гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө көмөк көрсөтүшкөн. Ушундай оор мезгилде консультациялык, юридикалык, каржылык жана материалдык жардам туруктуу негизде көрсөтүлүп келген.

Кыргыз Республикасынын тажик этносунан жалпы 727 миң сомдук жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми Кыргыз Республикасындагы корей этносунун өкүлдөрү март айынан азыркы күнгө чейин республикалык жана шаардык штабдарга 230 миң сом жардам беришкен. Мындан тышкары “Европа” мейманканасынан коронавирус илдетине каршы күрөшүп жаткан Бишкек шаарынын №4-оорукананын дарыгерлери үчүн 30 орундуу керебет жайларын даярдап, 3 айга 150 миң сомго тамак-ашы менен камсыз кылышкан.

Ошондой эле короновирус илдетин токтотуу максатында, өзгөчө абал кирип, өлкөнүн айрым аймактарында социалдык-экономикалык ишмердүүлүктөр токтогондугуна байланыштуу 300 миң сом өлчөмүндө Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын жашоочуларына 200 кап ун, Кош-Көл айылындагы 4 үй-бүлөгө азык-түлүк менен камсыз кылып, жана ФАПтын ремонтуна жардам көрсөтүшкөн.

Корей этносунун өкүлдөрү тарабынан жалпы 580 миң сомдук жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий