• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖӨБЭММА: Уйгур жана дунган этносунун өкүлдөрү эпидемияга каршы күрөштө өз жардамдарын берүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Өлкөдөгү уйгур жана дунган этносунун өкүлдөрү эпидемияга каршы күрөштө өз жардамдарын берүүдө, - деп билдирет Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасындагы дунган этносунун өкүлдөрү карантин киргизилген биринчи күндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейин медицина кызматкерлерине жана блок-посттордогу кызматкерлерге ысык тамак-аштар менен камсыздоону уюштуруп, муктаж болгон жарандарга, кары-картаңдарга, жалгыз бой аялдарга тамак-аш азыктарын таратып, өздүк гигиенаны коргоочу каражаттар менен камсыздашкан. Андан тышкары, ыктыярдуу активисттер карантинге алынган адамдарга баруу үчүн убагында дарыгерлерди ооруканаларга жеткирип, күндүзгү стационарларды уюштурууга жардам беришкен.

Жаш активисттер Чүй облусунун Москва райондук аймактык ооруканасынын инфекциялык жана терапия бөлүмүнө төшөнчү жана жеке коргонуучу каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүп, медицина кызматкерлер 14 күн ысык тамак менен камсыз кылышкан.

Мындан тышкары, дунган этносунун жеке ишкерлери Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагына өз каражаттарынан 30 орундуу күндүзгү стационар ачышып, улгайган адамдарга, жакыр үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү таратышкан.

Ал эми дунган этносунун жаштар активисттери Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айыл аймагынын жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айыл аймагынын күндүзгү станционарларына жана бейтапканаларына дары-дармек, кычкылтек концентраторлору жана тамак-аш менен камсыз кылышкан. Дунгандан этносунун өкүлдөрү Бүткүл дүйнөлүк Мусулман жаштар ассоциациясынын колодоосу менен 145 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун таратып беришкен.

Кыргыз Республикасынын дунган этносунун өкүлдөрү тарабынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашуун акча каражатына жардам көрсөтүлүп, жардам берүү иштери улантылууда.

Ал эми Кыргыз Республикасындагы уйгур этносунун өкүлдөрү Чүй облусундагы Лебединовка, Ак-Дөбө, Гроздь, Ленинский, Октябрь, Таш-Дөбө, Маевка айыл аймактарындагы, Бишкек шаарындагы Көк-Жар, Ала-Тоо жаңы конуштарында, Свердлов районундагы дене тарбия ден соолукту чыңдоочу комплексиндеги бейтапканаларына жана башка облустардагы күндүзгү станционарларга тосмолорду орнотуп, муздаткыч, төшөнчү, кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлерди, кварц шамдары, тепловизорлор жана жеке коргонуучу каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлүп, медицина кызматкерлерин ысык тамак менен камсыз кылышкан.

Ошондой эле азык-түлүк сатып алынып, улгайган адамдарга, жакыр уй-бүлөлөргө таратылган. Андан тышкары, Бишкек шаарынын комендатурасына, санитардык-эпидемиологиялык постто турган жана Манас аэропортунда жайгашкан (Ганси) бейтапканасындагы медицина кызматкерлерине 1 миң адамга эсептелген кайрымдуулук түшкү тамак берилген.

Уйгур этносунун жаштары өз ыктыяры менен гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө көмөк көрсөтүшкөн. Ушундай оор мезгилде консультациялык, юридикалык, каржылык жана материалдык жардам туруктуу негизде көрсөтүлүп келген.

Уйгур этносунун өкүлдөрү тарабынан бүгүнкү кунгө чейин миллиондогон сомго жардамдар көрсөтүлүп, жардам берүү улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий