• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖӨБЭММА: Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн COVID-19га каршы күрөшүүдөгү жумуштары тууралуу маалымат

Аймак 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматынан Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн COVID-19га каршы күрөшүүдөгү жумуштары тууралуу маалымат беришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган айыл өкмөт тарабынан коронавирусту жайылтпоо максатында ыкчам түрдө стационарлар ачылып, оорулууларга акысыз дарыланууга керектүү шарттар түзүлүп берилген.

Айтылып кеткен иш-чараларга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бул каражаттар 100 койка-орундук стационар ачууга, дары-дармектерди алууга, дарыгерлердин коргонуучу кийимдерин жана үч маал тамактануусун камсыз кылууга, ошондой эле кычкылтек концентратору, стационарларга керектелүүчү медициналык жабдык жана тиричилик техникасын алууга жумшалган.

Азыркы мезгилде Кызыл-Суу айыл өкмөтүндөгү күндүзгү стационарга 7 миң 200 бейтап кайрылып, акысыз медициналык кызмат көрсөтүлгөн. Айылдын борбордук көчө, базар, автобекеттер, соода-борборлору комиссиялык түрдө ар бир жуманын ишемби күнү санитардык күн деп жарыяланып, дезинфекциялоо иштери жүрүүдө.

Кызыл-Суу айылын Э.Гапаров атындагы мектебин 10-жыл мурун бүтүргөн окуучулары да туулуп өскөн айылына концентратор, антисептик, маска, дары-дармектер жана медкызматкерлерге үч маал тамак түрүндө жардам көрсөтүштү.

Андан сырткары, Кызыл-Суу айылынын жаштары тарабынан ыктыярчылар штабы ачылып, айыл жана район тургундарына бекер дары-дармектер врачтын көргөзмөсү менен таратылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий