• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖӨБЭММА: Ысык-Көлдөгү Теплоключенка айыл өкмөтүнүн COVID-19 илдетин алдын алуудагы иш-аракеттери

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл аймагында коронавируска каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди алып барууга жана көзөмөлдөө максатында мобилдик топ түзүлгөн. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мобилдик топ тарабынан айыл аймагында экономикалык ишмердүүлүгүн калыбына келтирүүгө берилген мекеме/ишканаларда жана уюмдарда (менчигинин түрүнө карабастан) санитардык-эпидемиологиялык талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Андан сырткары, чет өлкөлөрдөн жана кооптуу аймактардан келген жарандарды аныктоо, үй карантинине алууга көмөк көрсөтүү, туристтик субъектилердин (эс алуу жайлары, конок жана боз үйлөр ж.б.) жетекчилерине келген эс алуучулар тууралуу толук маалыматтарды (аты-жөнү, туруктуу жашаган жери, байланыш телефондору, келген жана кеткен убактысы) сөзсүз түрдө алуу боюнча “каттоо журналдарына” жазууну талап кылуу, туристтик субъектилерден мобилдик түрдө тиешелүү маалыматтарды өз убагында алып туруу менен жумасына эки жолудан кем эмес текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.

Айыл аймактагы бардык объектилерде санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы көзөмөлдөнүүдө. Алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, айыл өкмөтү тарабынан ар жумада социалдык объектилерде жана көчөлөрдө дезинфекция жүрүп турат.

Массалык-маданий иш-чараларды, спорттук оюндар, аш-тойлор ж.б. киши көп топтолуучу иш-чараларды өткөрүүгө жеринде тыюу салып, аксакалдар, жаштар, аялдар кеңештери, айыл имамдары менен бирге иш алып баруу менен айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Ошондой эле адамдар көп топтолуучу жайлардын ээлерине (соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар, чач тарачтар ж.б.) санитардлык эрежелерди, социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу, антисептикалык каражаттарды колдонуу, дезинфекциялык тазалоо боюнча эскертмелер берилип, жеринде барып текшерилип турат.

Райондо иштеп жаткан мобилдик топторун тамак-аш жана күйүүчүү май менен камсыздоо максатында айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү акча каражаттары бөлүнүп берилди. Күндүзгү стационардык кабылдамага (Ак-Суу балдар үйүнүн имараты) 27 койка-орундук, андан сырткары, жаңы салынган аймактык үй-булөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратына ачылган күндүзгү стационар кабылдамасына 30 керебет, 60 даана шейшептер топтомдору, 1 даана муздаткыч алынып берилди жана медицина кызматкерлери үчүн бардык шарттарды түзүүгө жергиликтүү бюджеттен 38 8310 сом акча каражаттары сарпталды.

Кабылдамага төрт медицина кызматкерлери 1 жумадан кезмет менен турушат. Ошондой эле Ак-Суу балдар үйүнүн 1-корпусунда обсервация ачылган. Алмалу капчыгайында жайгашкан “Өмүр-Дарыя” ден соолукту чындоочу жайында овсервация үчүн 22 койка-орундук даярдалып, учурда 9 медицина кызматкери жаткырылган.

“Агротехсервис”- 2 койка-орундук, Ак-Суу ССК Заря - 12 койка орундуктар даярдалды. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн алдындагы штаб биринчи кезекте керектелүүчү дары-дармектерди алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттары которулду. Учурда тиешелүү дары-дармектер, 5 даана кычкылтек концентрату алынды.

Күндүзгү стационардык кабылдаманын ичинде дарыланып жаткан айыл тургундарына жеңилдиктерди түзүп берүү максатында өз баасында сатылган дары-дармектерди сатуучу атайын дарыкана ачылган. Андан сырткары, айыл аймактын жаштары Москва шаарындагы Ак-Суулук жарандар менен байланышып, Россияда бул ооруга каршы керектүү дары-дармектерди сатып алууга жардам беришүүдө. Айыл тургундарынын ар бир муун тарабынан өз каалоолору менен 405 миң сом акча каражаты чогултулуп, анын ичинен 250 миң сомуна биринчи кезекте керектелүүчү дары-дармектер алынып, муктаж болгон айыл тургундарына бекер жеткирилип берилүүдө.

Айыл өкмөтүнүн аппараты, айылдык кеңештин депутаттары, жеке ишкерлер, мекеме жетекчилери тарабынан 94 миң сом топтолду.

Хельветас тарабынан 500 даана беткап 20 даана атайын коргонуучу кийимдер, 10 даана коргоочу маскалар, 10 даана коргоочу көз айнектер берилди.

Андан сырткары, “Эл ынтымагы” ыктыярдуу кыймылы тарабынан 52 миң сом өлчөмүндө, «Благотворитель ОБФ”, “Элим, барсынбы?!” фонду тарабынан 5 миң сомго биринчи кезекте керектелүүчү дары-дармектер берилди.

Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери толугу менен коргонуучу атайын кийим, беткап, антисептик менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий