• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖӨБЭММА: Өзбек этносунун өкүлдөрү эпидемияга каршы күрөштө өз жардамдарын берүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Өлкөнүн бардык аймактарындагы өзбек этносунун өкүлдөрү «Биз биргебиз» деген урааны менен эпидемияга каршы күрөштө өз жардамдарын берип жатышат. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЖӨБЭММА көп этностуу 23 район жана шаарларда этностор аралык мамилелерге дайыма мониторинг жасап келет.

«Бүгүнкү күндө мамлекетибизде илдеттен келип чыккан кыйынчылыктарга жарандарыбыздын бардыгы четте карап турбай пандемияны жеңүү үчүн өз салымдарын кошуп жатышат. Кыргыз Республикасында жашаган этностордун өкүлдөрүнүн да пандемия менен күрөшүүдө салымы өтө зор деп эсептейбиз. Жер-жерлерде этностордун өкүлдөрүнүн пандемия убагында элибизге жардам берип жаткандыгы боюнча маалыматтар агенттикке топтолууда. Ар бир этностун өкүлдөрүнүн берип жаткан жардамдарын бир макалада чагылдыруу мүмкүн эмес, анткени жасалып жаткан иштер да, жардам берүүчүлөр да өтө көп. Бүгүнкү маалыматта эпидемия учурундагы өзбек этносунун өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлгөн жардамдарына токтолуп кетсек», - деп айтылат маалыматта.

Жаз алды менен, тагыраагы, эпидемия башталган мезгилден тарта өлкөбүздүн бардык аймактарында өзбек этносунун өкүлдөрү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, акчалай каражат жана зарыл медкаражаттар түрүндө гуманитардык жардамын берип келишүүдө. Муктаждарга жардам берүүдө алар гуманитардык жардамды чогултуу жана таратуу механизмдерин дыкат пайдаланышты. Ошондой эле алгачкы медициналык жардам тутумун (системасын) бекемдөө үчүн материалдык техникалык каражаттар бөлүнүп, имараттар (орундар) каралган.

2020- жылдын март айынан тарта өзбек этносунун өкүлдөрү тарабынан коронавирус илдети менен күрөшүүдө төмөндөгү материалдык, финансылык каражаттар бөлүнгөн:

Обсервация үчүн Ош шаарынын Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан өзбек этносунун өкүлдөрүнө таандык болгон “Авангард”, “Шарапат”, “Касиет” жана “Нейрон” жеке ооруканалары берилген.

Ошто жеке ишкер Фарход Алимжанов өз каражатына Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы бейтаптарды тейлөө үчүн тез жардам унаасын алып берген.

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Андижан айылынын тургуну Маруфжан Худайбердиев 120 койкага ылайыкташкан түнкү стационарын ачып берди, ал жер бардык зарыл шаймандар менен жабдылган. Ош шаарында Курманжан Датка көчөсүндө оор обалга дуушар болгондорго материалдык колдоо жана муктаждарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн борбордук офис ачылган. Карантин учурунда Сохиба Шакирова өзүнүн тигүүчүлөр тобу менен 80 миң даана беткап даярдап, аларды Ош облусунун жана Ош шаарынын ИИБне, облустук клиникалык ооруканаларына жана шаардык төрөт үйүнө таратышкан.

Андан сырткары, Ош шаарындагы өзбек этносунун өкүлдөрү 2 миңден ашуун үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүп, азык-түлүк, дары-дармек баштыкчаларын жана ун таратуу менен элге жардам беришкен. Ошондой эле бейтаптарга 10 даана кычкылтек концентраторун сатып беришип, 10 миң беткап таратышкан. Шаардагы медицина кызматкерлерине, оорулууларга, муктаждарга тамак-аш уюштурулуп таркатылууда.

«Хадия» коомдук кайрымдуулук фонду (негиздөөчүсү Балтабаев Сардар) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1800 азык-түлүк баштыкчаларын тараткан. Санкт- Петербургда «кызыл зонада» иштеп жаткан дарыгер Балтабаев Элдарбек (терапевт-инфекционист) чакыртылып, ал Ош шаарынын жашоочуларын кабыл алып, консультациясын берип жатат.

Жарандарыбызга жардам берүү максатында 15 күндөн бери мобилдик топтор амбулаториялык режимде иш алып барышууда. Онлайн түрдө акысыз консультация үчүн ыкчам байланыш кызматын ишке киргизишкен.

«Галерея» соода борборунун жамааты (жетекчиси Кимсанбаев Улугбек) 15 медициналык аппараттарын алып беришти. Россиядан зарыл дары-дармектер (баасы 150 миң сомду түзөт) алынып, муктаждарга таратылган. Ош облусунун Араван, Ноокат, Өзгөн райондорунда да өзбек этносунун өкүлдөрү тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш, дары-дармектер бекер таратылууда.

Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү ишкерлер Атакулов Талипжан жана Маматякубов Латипжан тарабынан Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагында жайгашкан Эне жана баланы коргоо борборуна 50 миң сом акчалай жардам (ал жерде күндүзгү стационар ачылган), андан сырткары, күндүзгү обсервацияга берилген «Тажи-Махал» 3 кабаттуу имаратын оңдоп-түзөөгө өз каражаттарынан 300 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.

Ишкер Алишер Ахмедов тарабынан көп жолу колдонулуучу 500 беткап күндүзгү стационарга берилди. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука, Аксы районунун өзбек этносунун өкүлдөрү муктаж болгондорго тамак-аш, дары-дармектен жардам беришип, күндүзгү обсервацияларды уюштурууга өз салымдарын кошуп жатышат.

Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өзбек этносунун өкүлдөрү тарабынан 425 миң акча каражатына зарыл азык- түлүктөр сатып алынып, таратылган. Андан сырткары, дары-дармектен, медициналык жабдыктардан жардамдар берилүүдө.

Бишкек шаарында, обсервацияда турган чет өлкөдөн келген Кыргызстандын жарандары тамак-аш менен камсыздалган. Мындан тышкары, блок-посттор жана жөө жүрүүчү патрулдар тамак-аш менен камсыз болушкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ооруканасына керектүү дары-дармек каражаттары өткөрүлүп берилген.

Чүй облусунун өзбек этносунун өкүлдөрү тарабынан Чүй облусуна бир нече жолу гуманитардык жардам көрсөтүлүп, анын ичинен Токмок шаарындагы “Майыптар үйүнө” тамак-аш, кийим-кечелер, 9- Чүй Мектеп-интернатынын бүтүрүүчүлөрүнө – кийим-кечелер берилип, Рамазан айына арналган кечки тамактар уюштурулган, Токмок аймактык ооруканасына кычкылтек концентраторлору берилген.

Пикир

Оставить комментарий