• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖӨБИЭАМнын Коомдук кеңешинин жаңы курамынын алгачкы жыйыны болду

Коом 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Жакында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер (ЖӨБИЭАМ) боюнча Мамагенттиктин Коомдук кеңешинин жаңы курамынын алгачкы жыйыны болду.

Мамагенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Коомдук кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын жана секретариатты шайлоо маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында Коомдук кеңештин төрагалыгына бир добуштан Нурлан Жолдошев, төраганын орун басарлыгына Азамат Жунусов менен Мээрим Осмоналиева шайланышты.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча Мамагенттиктин директору Жумагүл Эгембердиева Коомдук кеңештин жаңы мүчөлөрүн куттуктап, бул институттун маморган үчүн манилүүлүгүн жана Агенттик менен Коомдук кеңештин тыгыз байланышта иштөөсү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий