• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Жүк-200” жеткирүү жеңилдетилет. Бирок кымбаттайт – Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 13.03.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда “жүк-200” мекенине жеткирүү жеңилдетилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө “жүк-200” жеткирүүнүн тартиби боюнча өкмөткө жаңы жобо киргизилген.

“Анын ичинде эгерде мурда “жүк-200” жеткирүү үчүн 14 документ чогултуш керек болсо, учурда анын санын үчкө чейин кыскарттык. Ал жакка өлгөндүгү тууралуу маалымат, ишеним кат жана паспорт. Андан тышкары, жеткирүүнүн суммасы 2015-жылдан 2017-жылга чейин 22ден 35 миң сомго чейин болгон. Бүгүнкү күндө биз дароо бардык чыгымдарды эсептеп, анын ичине соттук-медициналык экспертиза да кирет , бардыгын кошкондо 50 миң сомго токтолдук”,-деп билдирди ал.

Андан тышкары, эгерде жарандарды жеткирүү үчүн эмгек келишими болушу керек болчу, учурда Кыргызстандын жараны болушу гана жетиштүү.

Мамлекеттик миграция кызматынан кошумчалашкандай, “Эйр Манас” жана “Эйр Трафик” авиакомпаниялары “жүк-200” акысыз жеткиришет.

Пикир

Оставить комментарий