• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Алматыдагы жарым марафондун жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 21.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Казакстандагы жарым марафондун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу спорттук иш-чараны уюштуруучулардын сайтында жазылган.

Жарыш 20-июнда Алматы шаарында өтүп, ага 3 миңдей адам катышты. Катышуучулар 10 жана 21,1 чакырымга (жарым марафон) чуркашты.

Кыргызстандык спортчу Гүлшаной Сатарова кыз-келиндер арасында 21,1 чакырымга жүгүрүп, маарага биринчи келди.

Белгилей кетсек, жарым марафондун байге фонду 1 млн 800 миң тенгени түзгөн.

Эскерте кетсек, Гүлшаной Сатарова Чолпон-Атадагы ШКУнын Run the Silk Road Ысык-Көл IX эл аралык марафонунда (42,1 чакырым) үчүнчү орунга илинген.

Пикир

Оставить комментарий