• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жөө күлүк Мусулман Жоломанов Түркиянын ачык чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов жана Алмаз Эсенжанов Туркиянын ачык чемпионатына катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен билдиришти.

Чемпионат 5-6-февраль күндөрү Стамбул шаарында жабык имаратта өттү.

Мелдештин жыйынтыгы менен Мусулман Жоломанов 1500 метр аралыкта (жыйынтыгы – 3:49:47) 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын рекордун жаңылады. Ал эми 3 миң метр аралыкта 6-орунду (8:22:51) ээледи.

Алмаз Эсенжанов 1500 метр аралыкта 16-орунду жана 3 миң метр аралыкта 10-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, чемпионатка 9 өлкөдөн 111 спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий