• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жөө күлүк Мусулман Жоломанов Украинанын ачык чемпионатында күмүш жеңди

Спорт 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча курама команданын мүчөсү Мусулман Жоломанов Украинанын ачык чемпионатында тоскоолдуктар менен 3 миң метр аралыкка чуркоо боюнча (8:54:10) 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен билдиришти.

Мелдеш 9-12-февраль күндөрү Сумы шаарында өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин Мусулман Жоломанов Түркиядагы ачык чемпионатта 1 миң 500 метр аралыкта (3:49:47) 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын рекордун жаңылаган.

Пикир

Оставить комментарий