• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Белоруссиядагы турнирде күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Жөө жарыш боюнча Белоруссиянын ачык чемпионатына катышкан кыргыз спортчулары 4 медаль утушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча Федерациясынан кабарлашты.

Беттеш Брест шаарында өтүүдө.

Турнирдин биринчи күнү ата мекендик курама үч медаль уткан, анын бирөө – алтын. Дарья Маслова 5000 метр аралыкта чуркап, жеңүүчү болгон. Эркектер арасында ошол эле аралыкка чуркаган Нурсултан Кеңешбеков коло медалына ээ болгон. Мусулман Жоломанов аттуу спортчу күмүш медаль тагынган.

Бүгүн Нурсултан Кеңешбеков 3000 метр аралыкта чуркап, маарага экинчи болуп келген (8:16.21).

Пикир

Оставить комментарий