• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Жөө күлүк" тасмасы эки эл аралык кинофестивалга катышууда

Маданият 0

Бишкек, 02.12.19./Кабар/. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Кытайдын түштүгүндөгү Хайнань аралында өтүүчү эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Экинчи ирет өткөрүлүп жаткан кинофестиваль Санья шаарында 1-8-декабрь күндөрү болуп өтөт.

Кинофестивалда кыргызстандык тасма сынактан тышкаркы бөлүмдө катышып, фестивалдын "Азия спектри" ("Asian Spectrum") эл аралык бөлүгүндө көрсөтүлөт. Бул бөлүктө Түштүк Корея, Япония, Индия, Иран, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн келген 15 тасма катышат.

Ошондой эле "Жөө күлүк" тасмасы Польшада 1-8-декабрь күндөрү өтүүчү "Ale Kino!" эл аралык кинофестивалына катышууда.

Бул жылы фестивалдын негизги сынактык бөлүгүндө балдар жана жаштар үчүн тартылган 100гө жакын узун, кыска метраждуу жана анимация тасмалары катышат. Алар дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген 3 миңден ашык тасмасынын арасынан тандап алынган.

Узун метраждуу тасмалардын сынак бөлүгүндө 20га жакын өлкөнүн тасмасы катышып, анда Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы да көрсөтүлөт.

Тасма Познань шаарында 2-4-декабрь күндөрү көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий