• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Жөө күлүк" тасмасы Казандагы эл аралык кинофестивалда байгелүү болду

Маданият 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. "Жөө күлүк" тасмасы Казандагы мусулман киносунун эл аралык кинофестивалында байгелүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кинофестиваль 4-9-сентябрь күндөрү Казанда (Татарстан) болуп өткөн.

Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы фестивалдын "Россия - ислам дүйнөсү" сынактык программасында катышып, "Ислам дүйнөсүндөгү маданияттар диалогу үчүн" сыйлыгын алган. Бул сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө 300 миң рубль байге каралган.

Казандагы мусулман киносунун эл аралык кинофестивалы 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий