• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Жөө күлүк” тасмасы Кыргызстандын атынан “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. “Жөө күлүк” тасмасы Кыргызстандын атынан Оскар сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитетинен билдиришти.

Кечээ, 19-ноябрь күнү Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө аталган комитеттин отуруму өтүп, анда “Оскар” сыйлыгынын “Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма” номинациясына “Жөө күлүк” тасмасын көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Тасманын режиссеру - Мирлан Абдыкалыков.

Эскерте кетсек, “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи Лос-Анджелесте “Долби” театрында 2021-жылдын 25-апрелинде болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий