• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Жөө күлүк" тасмасы Мароккодо өтө турган эл аралык фестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Мароккодо өтө турган эл аралык автордук тасмалардын фестивалынын сынактан тышкаркы бөлүгүндө көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кинофестиваль 16-20-ноябрь күндөрү Марокконун борбору Рабат шаарында болуп өтүп, көрүүчүлөргө жалпы 70ке жакын тасма көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү бул автордук тасмалардын фестивалы 1994-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий